Хулуси Акар, Грециянын коргоо министри Евангелос Апостолакис менен жолукту

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясына караганда Акар, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында Грециянын коргоо министри Апостокалис менен НАТОнун штабында жолукту.

1225948
Хулуси Акар, Грециянын коргоо министри Евангелос Апостолакис менен жолукту
akar-stoltenberg.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Грециянын коргоо министри Евангелос Апостолакис менен жолукту.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясына караганда Акар, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында Грециянын коргоо министри Апостокалис менен НАТОнун штабында жолукту.

Жолугушууда эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосунда Афина жана Анкарада ишке ашкан, ишенимди арттырууга карай алдын алуулар баш болгон Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн делегациялар аралык жыйналыштарга ыраазычылык билдирилди, аты аталган жыйналыштардын жакшы коңшулук карым-катнаштарынын негизинде улантылышынын маанисине токтолушту.

Министр Акар тарабынан маселелердин жакшы коңшулук карым-катнаштарынын негизинде, тынчтык жана достуктун алкагында, эл аралык укук эрежелерине ылайыктуу түрдө чечилиши, Эгей деңизи жана Жер Ортолук деңизде улуттук укук жана кызыкчыылктардан баш тартылбай турганы, провокациялык кыймылдар жана билдирүүлөрдөн алыс туруунун мааниси баса белгиледи.

Бул учурда Хулуси Акар, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышынын алкагында, НАТОнун аскердик комитетинин төрагасы, армия генералы Стюарт Пич жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен да өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар