Түркия Сауд Арабиядагы аэропортко кол салууну айыптады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

1225043
Түркия Сауд Арабиядагы аэропортко кол салууну айыптады

Түркия, Йемендеги хусилердин Сауд Арабиянын түштүгүндөгү Эл аралык Абха аэропортуна карай кол салуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин кол салуу тууралуу билдирүүсүнө караганда: «Сауд Арабиянын Абха аэропортуна куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен болгон жана бир киши каза тапкан, көп сандаган киши жаракат алуусуна себеп болгон кол салууну айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө Йеменде чыңалууну күчөтө турган кыймылдардан алыс туруу жана БУУнун жол башчылыгында жүргүзүлгөн саясий чечүүчү жол аракеттерине көңүл бурулуусу чакырыгын салды.

Хусилер, Сауд Арабиянын түштүгүндөгү Асир аймагында орун алган Эл аралык Абха аэропортуна 23-июнда кол салганын жарыялаган. Кол салуудан сирия тектүү 1 киши каза болуп, 7 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар