Президент Р. Т. Эрдоган Японияда Трамп менен жолугушат

Чоң жыйырмалар саммити 28 – 29 -  июнда Япониянын Осака шаарында өткөрүлөт.

1224548
Президент Р. Т. Эрдоган Японияда Трамп менен жолугушат

 Президент Р. Т. Эрдоган Японияда 28 – 29 -  июнда боло турган Чоң жыйырмалар саммитинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт.

Ак үйдүн жогорку мартабалуу жетекчиси Дональд Трамптын Япония программасына байланыштуу бир телеконференция өткөрдү. Трамптын Япония программасынын негизинде 8 өлкөнүн лидери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн белгилеген жетекчи Трамп менен Эрдогандын жолугушарын билдирди.

Ак үй жетекчиси Трамптын Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти В. Путин, Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман, Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе, Индиянын премьер  - министри Нарендра Моди, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Австралиянын премьер  - министри Скотт Моррисон менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди.

Эрдоган менен Трамптын ортосундагы сүйлөшүүдө башта С  - 400 абадан коргонуу системалары маселеси жана эки өлкөнүн карым  - катнаштарындагы негизги темалардын кенен түрдө каралышы күтүлүүдө.

Чоң жыйырмалар саммити 28 – 29 -  июнда Япониянын Осака шаарында өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар