Мухаммед Мурсинин үй - бүлөсүнөн Эрдоганга ыракмат айтылды

Египеттин демократиялык жолдор менен шайланган биринчи президенти Мухаммед Мурси соттолгон «Вади  ен  - Натрун абагынан качуу жана Хамас үчүн чыккынчылык» доосунун сотунда 17 -  июнда каза болгон.

1223835
Мухаммед Мурсинин үй  - бүлөсүнөн Эрдоганга ыракмат айтылды

Египетте сот залында каза болгон алгачкы шайланган президент Мухаммед Мурсинин үй  - бүлөсү президент Р. Т. Эрдоган жана башка өздөрүн жалгыз калтырбаган баарына ыракмат айтты.

Аль Жазира телекөрсөтүүсүнө маалымат берген Мурсинин уулу Абдуллах Мурси Египет бийлигинин атасы үчүн жаназа зыйнатын өткөрүүгө уруксат бербегендигин бирок Месжид  - и Аксада ал үчүн жаназа намазы окулгандыгын белгиледи.

Атасы үчүн бүткүл дүйнөдө миллиондогон кишинин жаназа намазын окугандыгын белгилеген Абдуллах : «Тарыхта мындай окуя болгон эмес. Мындан мурда миллиондогон киши эч ким үчүн мындай намаз окулган эмес»,- деди.

Абдуллах : «Баарына өзгөчө да урматтуу Эрдоганга, Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен атасына, Малайзия өкмөтүнө жана Тунистин мурунку президенти Мунсиф ел  - Мерзукиге ыракмат айтабыз»,- деди.

Египеттин демократиялык жолдор менен шайланган биринчи президенти Мухаммед Мурси соттолгон «Вади  ен  - Натрун абагынан качуу жана Хамас үчүн чыккынчылык» доосунун сотунда 17 -  июнда каза болгон.



Тектеш кабарлар