Түрк куралдуу күчтөрү ПККга карай операцияларын улантууда

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Хакурк аймагында ийгиликтүү түрдө уланган «Чеңгел» операциясында жикчил террор уюму ПККга мүчө дагы 6 террористтин жок кылынганы белгиленди.

1223342
Түрк куралдуу күчтөрү ПККга карай операцияларын улантууда

Ирактын түндүгүгндөгү Хакурк аймагында жүргүзүлгөн «Чеңгел» операциясында ушул убакка дейре 57 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Хакурк аймагында ийгиликтүү түрдө уланган «Чеңгел» операциясында жикчил террор уюму ПККга мүчө дагы 6 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Жарыяда, операция башталган 27-майдан бери жок кылынган террорист санынын 57ге жеткени маалымдалды.

Жарыяда айрыкча операция башталгандан бери жикчил террордук уюмга таандык бардыгы 84 мина жана колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды, уюмдун жалпы 136 үңкүр жана баш калкалоочу жайдын да колдонулгус абалга келтирилгени билдирилди.

Террордук уюм ПККга карай өлкө ичиндеги операциялар да улантылууда.

Битлистин Татван районунун элет жеринде уюштурулган абадан коштолгон операцияда 3, Тунжелинин борбордук элет жеринде болсо 2 террорист жок кылынды.

Аймакта операциялар уланууда.



Тектеш кабарлар