АКШ Түркияга санкция киргизүүдөн мурда абдан кылдат ойлоунушу керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулда чет элдик медиа мүчөлөрү менен болгон маектешүү жыйналышында маанилүү маалыматтарды берди.

1222265
АКШ Түркияга санкция киргизүүдөн мурда абдан кылдат ойлоунушу керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Түркияга санкция темасын абдан кылдат ойлоунушу керектигин айтып, «Биздин дагы өзүбүзгө ылайык, каршы санкцияларыбыз болот»,-деди.

Эрдоган, Стамбулда чет элдик медиа мүчөлөрү менен болгон маектешүү жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө: «АКШнын бир мандеми бар. Биздин урматтуу (президент Дональд) Трамп менен карым-катнаштарыбыз башкача, бирок урматтуу Трамптын астындагылар менен болгон карым-катнаштарыбыз абдан башкача. Ошондуктан санкция деген нерселердин боло турганына ишенбеймин»,-деди.

«Абадан коргонуу системалары С-400 темасы биз үчүн жана Орусия үчүн бүтүрүлгөн иш»,-деп айткан Эрдоган: «Ушундай ойлоп жатамын алдыбыздагы алгачкы 15 күндө тапшыруулар башталат. Тапшыруулар башталгандан тартып кайда жайгаштырыла турганы ошондой эле түрдө Куралдуу күчтөрүбүз тарабынан белгиленди, ал жерлерге жайгаштырылышы менен бул процессти улантабыз»,-деп айтты.

АКШнын кайсы бир НАТОго мүчө өлкөнү шериктештиктен чыгарып коюу ыйгарым укугу жок экенин айткан Эрдоган, АКШнын санкциялар темасында абдан сезимтал мамиле кылышы керектигин айтты.

Түркия НАТОнун эң маанилүү жана эң күчтүү өлкөлөрүнөн бири болгонуна көңүл бурган Эрдоган: «НАТОнун ичиндеги ушул убакка чейин жасаган бардык ишке ашыруулары менен НАТОнун ушунчалык колдошуучу өлкөсүнө санкцияларды киргизген учурунда АКШ муну абдан кылдат ойлонушу зарыл. Биздин дагы өзүбүзгө ылайыктуу каршы санкцияларыбыз болот, биз буларга макул дебейбиз»,-деди.

Мурдагы президент Барак Обама мезгилинен тарта Түркиянын Патриотторду алгысы келгенин, бирок Патриоттордун ал мезгилде берилбегенине көңүл бурган Эрдоган:  «Ошол күндөн бери Конгресс буларга жалаң каршы чыгып келди, бөгөт койду. Эми АКШ бизге абадан коргонуу ракетасы болгон Патриотторду бербей жатса, мен өзүмдүн коргонуумду ишке ашырбай коемунбу? Бул боюнча алдын алууларым болбойбу? Бул үчүн күтүп отура тургандай чамабыз жок»,-деди.

Түркиянын айланасында коркунуч элементтери болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Ошондуктан Орусиядан абдан ылайыктуу шарттарда С-400дөрдү алган болдук»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар