Улуттук коргоо министрлиги маалыматты төгүнгө чыгарды
Айрым маалымат каражаттары, орус аба күчтөрүнүн террористтерди Түркиянын координаттары менен аткандыгын жазып чыккан болчу.
1219424
![Улуттук коргоо министрлиги маалыматты төгүнгө чыгарды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/266d/72f1/f647/5b7d6d3865e55.jpg?time=1718877854)
Орус аба күчтөрүнүн Түркиянын каалаган координаттары менен террористтерди аткандыгы жөнүндөгү маалыматтардын чындыкка жатпагандыгы белгиленди.
Улуттук коргоо министрлиги, айрым басма сөз органдарында темага байланыштуу жазылган маалыматтар тууралуу өз билдирүүсүн жарыялады.
Анда: «Айрым маалымат каражаттары жазып чыккан, Түркиянын байкоо салуучу жерлерине кол салган террористтерди орус аба күчтөрүнүн Түркиянын каалаган координаттарында аткандыгы жөнүндөгү кабар чындыкка жатпайт»,-делди.