Эрдоган:«Жаратылыш байлыктардын корголушу бүткүл адамзаттын кызматташтыгы менен мүмкүн болот»

«Дүйнөлүк чөлгө айлануу менен күрөшүү күнүнөн» улам Анкаранын Соода палатасы (АТО) Конгрессиумда уюштурулган иш-чарада президент Эрдогандын билдирүүсү да окулду.

1220059
Эрдоган:«Жаратылыш байлыктардын корголушу бүткүл адамзаттын кызматташтыгы менен мүмкүн болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, деңиздердин, океандардын, жер астындагы жана үстүндөгү байлыктардын корголушу, чөлгө айлануу менен күрөшүү жана глобалдык ысууга байланыштуу климат өзгөрүүлөрү сыяктуу маселелердин алдын алуу бүткүл адамзаттын кызматташтыгы менен мүмкүн боло турганын белгилеп өттү.

«Дүйнөлүк чөлгө айлануу менен күрөшүү күнүнөн» улам Анкаранын Соода палатасы (АТО) Конгрессиумда уюштурулган иш-чарада президент Эрдогандын билдирүүсү да окулду.

Эрдоган, Дүйнөнүн глобалдык ысынуу, кургакчылык, суусуздук, чөлгө айлануу, биологиялык түрдүүлүктүн азайышы жана айрым жандуу түрлөрүнүн жок болушу сыяктуу олуттуу экологиялык апааттар менен күрөшкөнүн, маселенин чечилиши үчүн бүткүл адамзаттын кызматташтык кылышы керектигин белгилеп өттү.

Түркиянын экологиялык түрдүүлүк жана жаратылыш байлыктары жагынан абдан бай өлкө экенин эске салган Эрдоган: «Бул байлыктын, бул мурастын баасын билүү жана бул мурасты келээрки муундарыбызга дагы да өнүктүрүп, байытып өткөрүш үчүн болгон күчүбүз менен иштейбиз»,-деди.

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли да сөз сүйлөөсүндө чөлгө айлануунун дүйнөгө коркунуч туудурган жана күн өткөн сайын күчөгөн, согуштардан дагы коркунучтуу жана жылма экенин айтты.

Пакдемирли, Түркияда жыл сайын 50гө жакын өлкөдөн 100 чакты адиске, чөлгө айлануу менен күрөшүү темасында билим берилгенин айтты.

Чөлгө айлануу жана эрозия менен күрөшүү башкы директору Ахмет Ипек да глобалдык деңгээлде Чөлгө айлануу жана эрозия менен күрөшүлүшүн мажбурдуулук болгонун айтты.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш да, видеолуу кайрылуусунда, «Топракты коргоо, семиртүү жана дагы жакшы колдонуу аркылуу мажбур көчтү азайтууга болот же азык-түлүк коопсуздугун арттырууга болот жана экономикалык өсүүнү шыктандыра алабыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар