Тркия Омандагы кол салууну айыптады

Оман кысыгында кечээ эрте мененки сааттарда эки чоң нефть ташыган танкерде жарылуулар болгон.

1218646
Тркия Омандагы кол салууну айыптады

Түркия Оман кысыгында бара жаткан эки танкерге жасалган кол салууну айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Оман кысыгында эки нефть танкерине жасалган кол салууну айыптайбыз. Акыркы бир айдын ичинде Булуң аймагында соода кемелеринин экинчи жолу бутага алынышынан тынчсыздануудабыз»,- деп билдирилди.

Оман кысыгында кечээ эрте мененки сааттарда эки чоң нефть ташыган танкерде жарылуулар болгон. Танкердеги 44 кишилик экипаж Иран изилдөө – куткаруу топтору тарабынан куткарылып, Ирандын Хүрмүзгах аймагына караштуу Жаск портуна алып барылган.



Тектеш кабарлар