Соода министри менен технолоия министри Японияга барат

Соода министри Рухсар Пекжан менен өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 8 – 9 -  июнь күндөрү Японияда өткөрлө турган  Чоң жыйырмалардын соода жана сан ариптик экономика министрлеринин жыйынына катышат.

1214669
Соода министри менен технолоия министри Японияга барат

Соода министри Рухсар Пекжан менен өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 8 – 9 -  июнь күндөрү Японияда өткөрлө турган  Чоң жыйырмалардын соода жана сан ариптик экономика министрлеринин жыйынына катышат.

Соода жана сан ариптик экономика министрлеринин орток отурумунда B 20нын  (Business20) Чоң жыйырмалардын өкмөттөрүнө сунуштаган саясат сунуштары менен «Соода жана сан ариптик экономиканын ортосундагы байланыш» деген темада талкуулар өткөрүлөт.

Министр Пекжан катыша турган чоң жыйырмалардын соода министрлери жыйынында «Эл аралык соодадагы актуалдуу абалдар тууралуу Чоң жыйырмалар диалогу», «Улантууга боло турган жана кенен машстабдуу  өсүүгө салым кошо турган соода жана инвестициянын колдоого алынышы», «Базарга негизделген инвестиция чечимдерин колдогон күчтүү бир иш чөйрөсүнүн жарытылышы» жана «Дүйнөлүк соода уюмунун реформасы, эки тараптуу жана аймактык соода келишимдериндеги акыркы абалдар» темалары каралат.

Ушунун негизинде Пекжандын Канада эл аралык сооданы түрдөнтүү министри Жим Карр менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүшү жана жолугушууда «Соода жана экономикалык кызматташуунун орток комитетинин» куруучусу келишимине кол коюлушу пландалууда.

Пекжан менен Варанктын экономика, соода жана өнөр жай министри Хирошиге Секо менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүшү күтүлүүдө. Варанктын өзгөчө Германиянын экономика жана энергетика министри Петер Альтмаер менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Бир тараптан министр Варанк катышкан сан ариптик экономикадан жооптуу министрлер жыйынында «Билимдин жана маалыматтын ишенимдүү агымы», «Башкаруу инновациясы», «Борбору адам болгон жасалма мээ», «Сан ариптешүүнүн негизинде БУУнун өнүгүү максаттары», «Сан ариптик коопсуздук» темалары каралат.

Жыйындын акырында кабыл алына турган декларация менен Чоң жыйырмалар министрлери мүчө өлкөлөргө саясат сунуштарын жана көз караштарын билдиришет.

Варанк жыйында Түркиянын сан ариптик кадамдарын, бул тармактагы саясат жана колдоолор менен келечекке карата долбоорлордон сөз кылат. Өзгөчө Варанктын Япониянын билим жана изилдөө базаларынан болгон Цукубада негизги тармактарга барып жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө. Ошол эле учурда 20 чоң экономиканын лидерлери менен министрлери 28 – 29 -  июнда Япониянын Осака шаарында чогулат.

Президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу күтүлүп жаткан Чоң жыйырмалар саммитинде эл аралык коом бетме  - бет келген маселелердин чечилишине карата көз караштар билдирилет.



Тектеш кабарлар