Эрдоган менен Салмандын сүйлөшүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдүлазиз бири-бирине майрамдык куттуктоолорун айтышты.
1214349
![Эрдоган менен Салмандын сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f787/abc3/11aa/5cf8f2c2eb619.jpg?time=1718875238)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдүлазиз менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Телефондогу сүйлөшүүдө ррезидент Эрдоган жана падыша Салман бири-бирине майрамдык куттуктоолорун айтышты.
Эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык темалар каралган сүйлөшүүдө, падыша Салман, президент Эрдоганга Түркиянын Ислам Кызматташтыгы Уюмунун (ИКУ) кезектеги төрагалыгы убагында көрсөткөн активдүү иш-аракеттеринен улам ырахматын айтты.