Чавушоглу аракандык мусулмандар менен майрамдашты

Чавушоглу, өлкөнүн Кокс Базаар аймагында орун алган оорукананын башкы доктуру д-р Метин Ажыелге видеолуу телефон чалып оорукчандар менен майрамдашты.

1214407
Чавушоглу аракандык мусулмандар менен майрамдашты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Бангладештеги Түрк талаа ооруканасында дарыланып жаткан аракандык мусулмандарга телефон аркылуу байланышып майрамдары менен куттуктады.

Чавушоглу, өлкөнүн Кокс Базаар аймагында орун алган оорукананын башкы доктуру д-р Метин Ажыелге видеолуу телефон чалып оорукчандар менен майрамдашты.

Түркиянын эч качан аракандык мусулмандарды жалгыз калтырбай турганын айткан Чавушоглу: «Жолдошторубуз, түрк доктурлары, чукул кырдаал жана тез жардам башкаруу борборубуз жана Кызылайыбыз ар дайым жаныңызда»,-деди.

Түрк талаа ооруканасы 50 орундуктуу бөлүм, 8 чатыр жана бамбудан жасалган бөлүмдөрдөн турат.

Күнүгө миң оорукчан кабыл алынган ооруканада, үчү бангладештик, экиси түрк, 5 практикант доктур тарабынан алдын ала текшерүү жана дарылоо тейлөөсү ишке шырылууда.

Акысыз тейлөө жасалган ооркуанада орто эсеп менен 20 кызматкер иштейт.

Ал убактын премьер-министри Бинали Йылдырымдын 2017-жылдын декбарь айында Бангладешке барган убагында алгачкы курулуусу башталган Түрк талаа ооруканасы, 2018-жылы февраль айында ал убактын маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш да катышкан азем менен иштерин баштаган.



Тектеш кабарлар