Тунжелиде бир аскер шейит болду

Аскердик тик учарлар менен Тунжели мамлекеттик ооруканасына алып барылган жаралуу аскерлердин бирөөсү куткарыла албады.

1213504
Тунжелиде бир аскер шейит болду

Тунжели облусунун  Оважык районунда коопсуздук күчтөрү менен ПКК террористтеринин ортосунда чыккан кагылышууда 1 аскер шейит болуп, 1 аскер жараланды.Алынган маалыматка караганда Тунжели облустук жандармерия командирлигине караштуу бөлүктөр Оважык районунун элетинде террордук уюмдун мүчөлөрүнө карата операция баштады. чыккан кагылышууда 2 аскер жараланды. Аскердик тик учарлар менен Тунжели мамлекеттик ооруканасына алып барылган жаралуу аскерлердин бирөөсү куткарыла албады.

Саламаттыгынын жакшы экендиги билдирилген аскрелердин бирөөсү тик учар менен Элазыг Фырат университетинин ооруканасына алып барылды.Тунжели облусунун губернатору Тунжай Сонел жана тунжели жандармериясынын аймактык командири, генерал Ведат Чолак ооруканага барып жетекчилерден маалымат алды. Аймакта операциянын улантылып жаткандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар