Түркия бардык террор уюмдары менен чечкиндүү күрөшүүсүн улантат

Президенттик комплексиндеги президент Режеп Таййип Эрдоган жетектеген Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышынан кийин билдирүү жарыяланды.

1211597
Түркия бардык террор уюмдары менен чечкиндүү күрөшүүсүн улантат

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) «Түркиянын бардык террор уюмдары менен мурдагысындай эле эрктүүлүк жана чечкиндүүлүктө күрөшүүсүн уланта турганын» билдирди.

Президенттик комплексиндеги УККнын жыйналышынан кийин билдирүү жарыяланды.

Түндүк Иракта уюк салган ПКК жикчил террор уюмуна каршы ийгиликтүү жүргүзүлгөн «Чеңгел» (пенче) операциясы кеңири каралганы маалымдалган билдирүүдө, «Түркиянын бардык террор уюмдары менен мурдагысындай эле эрктүүлүк жана чечкиндүүлүктө күрөшүүсүн уланта турганы баса белгиленди»,делди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) бөлүктөрү да кызмат өтөгөн  «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» жашаган жаран калкка карай Сирия режими  тарабынан болгон кол салуулардын Идлиб макулдашуусуна терс түшкөнү жана Астана рухун бузганы белгиленген билдирүүдө, жаңы адамзат кризисинин жана массалык көчтүн алдын алуу максатында тийиштүү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Кипр аралы жана чөйрөсүндө акыркы убакта болуп жаткан абалдар каралганына басым жасалган билдирүүдө, «Түркия Республикасы Мамлекетинин Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Кипр Түрк калкынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо чечкиндүүлүгү дагы бир жолу тастыкталып, аймакка карай чагымчылык мамилелерден жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдөн алыс туруу керектиги, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык укукка ылайыктуу иш-аракеттеринин улантыла турганы жана болоору болду сыяктуу нерселерге уруксат берилбей турганы баса белгиленди»,деген маалымат берилди.



Тектеш кабарлар