Президент Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Эрдоган Түркия чек арасына карата күч алган көч маселесин чечүү керектигин баса белгиледи.

1211579
Президент Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен кечээ кечинде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик коммуникация төрагалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө президент Эрдоган Сирия режиминин Идлибдин түштүгүндө эң көп жарандарды бутага алган кол салууларында кишилердин каза болушуна тоскоол болуу жана Түркия чек арасына карай күч алган көч маселесин чечүү керектигин баса белгиледи.

Маалыматта : «Президентибиз Идлибде эртерээк ок атышпоонун түзүлүшү жана саясий жөнгө салуунун ишке ашырылышы керектигин белгиледи. Президент Эрдоган эки тараптуу кызматташуулардын оң бара жаткандыгын белгилеп, июнь айындагы Чоң жыйырмалар саммитинде Японияда ураматтуу Путин менен өткөрө турган сүйлөшүүдө алып барылган иштердин жыйынтыктарын карап чыгышарын айтты»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар