Изделген террористтер таасирсиз кылынды

Сииртте операция жүргүзүлдү.

1209442
Изделген террористтер таасирсиз кылынды

Сиирттин Тилло районунун элет жериндеги операцияда таасирсиз кылынган 2 террористтен бирөөнүн кызгылт-сары категорияда изделген Наиф Марал экени белгиленди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ички коопсуздук операцияларынын алкагында Сиирттин Тилло районунун Чынарлысу айылынын элет жеринде, Облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды.

Жок кылынган террористтерден бирөөнүн, кызгылт-сары категорияда 600 миң лиралык сыйлык менен изделген «Ферман Габар» деген каймана аттуу Наиф Марал экени аныкталды.



Тектеш кабарлар