Жараланган аскер шейит болду

Бул туурасында Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1208860
Жараланган аскер шейит болду

Сирияда Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Евфрат калканы» операциясынын негизинде террордон тазаланган аймакта, 30-апрелде террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө террористтердин кол салуусунан жаралган аскер Газиантепте дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта террористтердин кол салуусунан жаралган жана дарылануусу уланып жаткан аскердин баардык аракеттерге карабастан шейит  болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө: «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза тапкан шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, жакындарына, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана түрк улутуна көңүл айтабыз»,- делди.



Тектеш кабарлар