Түркия Венесуэлага дары-дармек жөнөтөт
Бул туурасында Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык билдирди.
Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык, Венесуэлага Панама аркылуу 100 миң долларлык дары-дармек жеткире тургандарын белгиледи.
21-Америкалар аралык конференция үчүн Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айреске барган Керем Кынык, Түркиянын Аргентинадагы элчиси Шефик Вурал Алтай тарабынан элчиликте берилген ифтарга катышты.
Бул жердеги билдирүүсүндө Түрк Кызылайынын Америка аймагындагы иштерине көңүл бурган Кынык: «Өзгөчө апаат мезгилдеринде баардык аймактарда иштеп жатабыз. Гаитиде, Мексикада, вулкандык жарылуудан кийин Гватемалада иштедик. Учурда Рамазандан улам кызматкерлерибиз Суринамда жүрүшөт. Ал жерде азык-түлүк таркатып жана жетимдер үчүн ифтар беришүүдө. Ал эмес кургактык менен байланышы болбогон жерлерге деңиз аркылуу жардам жеткирип жатышат»,-деди.
Кынык Венесуэладагы чыңалуунун өлкөгө медициналык жана гуманитардык жардамдардын киргизилишине тоскоол болгонун белгилеп: «Эң биринчи Венесуэлага Панама аркылуу 100 миң долларлык дары-дармек жеткиребиз. Алар тез арада камсыздалат. Алдыдагы процессте Венесуэлага карай гуманитардык жардам коридорлору ачылса жардамдар ал жерге жеткирилген болот»,-деп кошумчалады.
Колумбияда да көп сандаган жардамга муктаж адамдардын бар экенин айткан Кынык: «Колумбиядагы жарандык согуш жана тынчтык процесстине байланыштуу да 6 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж. 1 миллион 900 миң адам да Венесуэладан Колумбияга качып жардамга муктаж абалда. Биз Түркиядагы апаат жана баш калкалоочулар темасындагы тажрыйбабызды пайдалангыбыз келет. Бул эки өлкө менен кызматташуу келишимине кол коюп улантабыз»,-деди.