Катардан Измирге карата түздөн түз учуулар башталды

Катар аба жолдору тарабынан борбор шаар Дохадан Измирге жумасына 3 каттам аткарыла турган түздөн түз учуулардын биринчиси бүгүн ишке ашырылды.

1206995
Катардан Измирге карата түздөн түз учуулар башталды

Катар аба жолдору тарабынан борбор шаар Дохадан Измирге жумасына 3 каттам аткарыла турган түздөн түз учуулардын биринчиси бүгүн ишке ашырылды.

Биринчи каттам болгондуктан азем өткөрүлүп, Катардан Аднан Мендерес аэропортуна келген 95 жүргүнчү гүлдөр менен тосулуп алынды.

Түркиянын Доха элчиси Фикрет Өзер бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Катардан Измирге каттамдардын башталышынын абдан маанилүү экендигин белгилеп, эки өлкөнүн карым  - катнаштарында бир гана саясий тармакта эле эмес, экономикалык жана маданий тармактарда да олуттуу өнүгүүнүн болгондугун айтты.

Түркиядагы түздөн түз жана кыйыр түрдө Катар инвестицияларынын 20 миллиард долларга жеткендигин белгилеген Өзер : «Бул ачылуу Катар менен Түркия карым  - катнаштары үчүн жаңы бир каалга болот. Бул каттамдардан улам Катарга карата экспортубуз өсөт, экспортубуздун бул өлкөгө оңой менен барышына мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деди.

Катар аба жолдорунун Европа боюнча жооптуу төрагасынын орун басары Сильвен Боск да Измирдин Түркиядагы жетинчи учуу жери болгондугун айтты. Боск : «Бүгүндөн баштап Измирден Дохага жуманын 3 күнү Airbus A-320 моделиндеги учактарыбыз менен кызмат кыла баштайбыз. Бул каттам менен бирге жетиге жеткен Түркиядагы учуу жерибиз инвестиция жана туризм мүмкүнчүлүктөрүн да бирге алып келет»,- деди.



Тектеш кабарлар