Түркия-Иран чек арасындагы кол салууда бир аскер шейит болду

Аймакта террористтерге каршы операция уланууда.

1198714
Түркия-Иран чек арасындагы кол салууда бир аскер шейит болду

Түркия-Иран чек арасындагы Ыгдырга караштуу Дилужу аймагында болгон террордук кол салуудан бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, эртең мененки убактарда террористтер тарабынан чек аранын Дилужу аймагында аскерлерге карай колго жасалган жарылуучу зат да колдонулган кол салуу ишке ашты.

Кол салууда 2 аскердин бири шейит болду.

Жараланган берки аскер болсо Ыгдырдагы мамлекеттик ооруканада дарыланып жатат.

Аймакта террористтерге каршы операция уланууда.



Тектеш кабарлар