Тунжелиде террористтерге каршы операция жүргүзүлдү
Операцияда 6 террорист таасирсиз кылынды.
1198739
Тунжелинин элет жеринде, жикчил террордук уюм ПККга карай операцияда 6 террорист таасирсиз кылынды.
Шаардын элет жеринде кол салууга даярданган террористтерге карай операцияда чыккан кагылышууда 6 террорист таасирсиз кылынды.
Аты-жөнүн аныктоо иштеринде террористтерден экөөсүнүн уюмдун корбашчыларынан экени белгиленди.
Террористтерден бирөөнүн көк тизмеде изделген жана тапканга бир жарым миллион лиралык сыйлык коюлган «Доган-Серхат» деген каймана аттуу Желал Кая экени аныкталды.
Берки корбашчынын болсо кызгылт тизмеде изделген «Баран» деген каймана аттуу Хайдар Гүл экени ортого салынды.
Аймакта операциялар уланып жатат.