Мевлют Чавушоглу : "Франция ПЙД/ЙПГ мамилесин карап чыгышы керек"
Франция Сирия маселесинде террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге байланыштуу мамилесин карап чыгышы керек»,- деп билдирди.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Францияга жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге байланыштуу мамилесин карап чыгууга чакырды.
Чавушоглу Франциянын Анкара элчиси Чарльз Фристи тышкы иштер министрлигинин расмий турак жайында кабыл алды. Жолугушуудан кийин Чавушоглу твиттер аркылуу маалымат берди. Маалыматта : «Франция менен эки тараптуу карым - катнаштарыбызга маани беребиз. Соода жана экономикалык карым - катнаштарыбыздын күчтөнүшү кубантуучу. Франция Сирия маселесинде террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге байланыштуу мамилесин карап чыгышы керек»,- деп билдирди.
Тектеш кабарлар
Министр Гүлер ливиялык командирди кабыл алды
Баш калаа Анкарадагы жолугушууда, Ливия менен аскердик билим берүү жана кеңешүү жараяны каралды.