Эгей деңизинде изилдөө - куткаруу машыгуусу

Эгей деңизинин эл аралык суулардагы кеме кырсыгына кийлигишүү сценарийи ийгиликтүү ишке ашырылды.

1197562
Эгей деңизинде изилдөө - куткаруу машыгуусу

Анадолу Жылдызы – 2019  орток изилдөө – куткаруу машыгуусунун негизинде Эгей деңизинин эл аралык суулардагы кеме кырсыгына кийлигишүү сценарийи ийгиликтүү ишке ашырылды.

Машыгуу аба күчтөрү командирлигинин билим берүү командирлигинин координациясында түрк куралдуу күчтөрү жээк коопсуздук командирлиги жана жандармериянын башкы командирлигинин катышуусу менен өткөрүлдү.

Эл аралык спутниктин жардамы менен изилдөө – куткаруу системасын колдонуу менен өткөрүлгөн машыгууда изилдөө - куткаруу кыймылдарын аткаруу жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүктүрүлүшү, текшерүү системасынын текшерилиши максат кылынды.

Машыгуу сценарийи, бат  - бат кездешилген  изилдөө – куткаруу окуяларына ылайык пландалуу менен деңизден кырсыкка учурагандардын куткарылышына байланыштуу аткарылды.  

Машыгууну 8 өлкөдөн 16 чет элдик катышуучу да көрдү.

Сценарий боюнча Эгей деңизинин эл аралык суулары жана аба мейкиндигинде Түрк Изилдөө Куткаруу Аймагынын ичинде «Измир» аттуу куру жүк ташуучу кеме менен Мерсиндеги «Кемал Реис»  аттуу балыкчы кемеси кагылышты. Балыкчы кеме чөгүп баратканда деңизге түшкөн кызматкерлер куткарылды жана  кургак жүк ташуучу кемеде чыккан өрткө кийлигишүү болду.



Тектеш кабарлар