Мевлют Чавушоглу Түркиянын Түндк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарын коргоону улантарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын Түндк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарын күчтүү түрдө коргоону улантарын билдирди.

1196593
Мевлют Чавушоглу Түркиянын Түндк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарын коргоону улантарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын Түндк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарын күчтүү түрдө коргоону улантарын билдирди.

Мевлют Чавушоглу кечээ Чанкая сарайында өткөрүлгөн НАТО Кеңеши жана НАТО Жер Ортолук деңиз диалогунун өнөктөштөрүнүн жыйынынан  мурунку кайрылуусунда Жер Ортолук деңиздик жана европалык бир союздаш болгон Түркиянын «эки аймактын коопсуздугун бир бүтүндүн бири бирин толуктаган бөлүктөрү» катары көргөндгүн белгилеп, Жер Ортолук деңиз аймагында болгон кризистердин Европага таасир тийгизгендигине көңүл бурду.

Аймактагы маселелер менен бир гана кагаз жүзүндө калган тилектештик жана кызматташтык кабарлары менен чечиле албагандыгын баса белгилеген Чавушоглу кызматташуу рухунун чыныгы мааниде курулушунун жана мамилелер менен туруктуу болуунун маанилүү экендигин белгиледи.

Террор менен күрөшүүдө тандоо менен мамиле кылына албай тургандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «Террористтер арасында жаман  - жашкы деген нерсе болбойт»,- деди.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бир тараптуу кадамдарга жана болгондорго көңүл бурбай коюга мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Чыгыш Жер Ортолук деңиздин тынчтык жана ырааттуулуктун жолу эл аралык мыйзамга жана тарыхый чындыктарга урмат  - сый көрсөтүүдөн өтүүдө. Түркия бул түшүнүк менен өзүнүн жана Кипр түркүнүн мыйзамдуу укук жана кызыкчылыктарын ар дайым күчтүү түрдө коргоону улантат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар