Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПККга карата операциясы
Ирактын түндүгүндөгү Хакрук жана Авашин - Басян аймактарына да абадан операция жүргүзүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкө ичи жана өлкө тышында ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн операциялары улантылууда.
Шырнактын Габар тоо аймагында жүргүзүлгөн изилдөөдө ПКК террористтери колдонгон бир баш калкалоочу жер аныкталды. Бул баш калкалоочу жерде ок - дары, тамак – аш жана турмуштук материалдар табылды.
Коопсуздук күчтөрү тарабынан баш калкалоочу жерлер менен материалдар жардырылды.
Тунжелиде да Хозат жана Оважык районунун элетинде жүргүзүлгөн операцияларда террористтерге таандык экендиги такталган баш калкалоочу жерлер жардырылды.
Ирактын түндүгүндөгү Хакрук жана Авашин - Басян аймактарына да абадан операция жүргүзүлдү.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда аскердик учактар террордук уюм ПКК тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер жана ок - дары сактоочу жер катары колдонулган жерлерди жардырды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.