Эрдоган - Додик пресс - жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Түрк Агымы долбоорунун Босния Герцеговинага алып барылышы үчүн бардык колдоону берерин айтты.

1194236
Эрдоган  - Додик пресс - жыйыны

 

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Түрк Агымы долбоорунун Босния Герцеговинага алып барылышы үчүн бардык колдоону берерин айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган Босния Герцеговинанын президенттик кеңешинин төрагасы Милорад Додик жана кеңештин мүчөсү Шефик Жаферович, жекеме жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин президенттик комплексте биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү. Кеңештин мүчөлөрү менен негизги темаларды сүйлөшкөндөрүн белгилеген Эрдоган : «Кол коюлган Актуалдашкан Эркин Соода Келишими 1 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүбүзгө мүмкүнчүлүк түзөт. Макулдашуу келишиминин текстине бир аз мурдараак кол койгон Сараево – Бельград авто жолу долбоорунун да Босния Герцеговинанынырааттуулугуна таасирин тийгизерине ишенем»,- деди.

Энергетика, коргонуу өнөр жайы, туризм, айыл- чарба жана мал- чарбачылык тармактарында таштала турган кадамдардын да күн тартибинин үстүңкү орундарда экендигине токтолгон Эрдоган : «Өзгөчө Түрк Агымы долбоорунун Босния Герцеговинага да жеткирилишинде колубуздан келген бардык жардамды беребиз» ,- деди.

Босния Герцеговина президенттик кеңешинин төрагасы Милорад Додик болсо Түркиянын Босния- Герцеговинанын Европа- Атлантика мекемелери менен бүтүндөшүүсү жолундагы аракеттерге жана НАТОго мүчөлүк сыяктуу темаларга колдоо бергендигин белгиледи.

Додик Босния- Герцеговинанын Түрк Агымы долбооруна кошулушуна байланыштуу : «Түркияны батыш менен байланыштырган бул багытка Босния- Герцеговинанын да байланыштырылышы абдан маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар