АКШнын Анкара элчиси

Дэвид СаттерфилдСенаттын башкы кеңешинде бериле турган добуш берүүдө да жетерлик колдоо ала турган болсо АКШнын Анкара элчиси болот.

1194248
АКШнын Анкара элчиси

 АКШнын президенти Дональд Трамптын Анкара элчилигине талапкер көрсөткөн Дэвид Саттерфилд сенаттын тышкы карым- катнаштар комитети тарабынан бекитилди.

Дэвид СаттерфилдСенаттын башкы кеңешинде бериле турган добуш берүүдө да жетерлик колдоо ала турган болсо АКШнын Анкара элчиси болот.

Дэвид Саттерфилд ким?

Дэвид Саттерфилд АКШ мамлекеттик департаментинин  жогорку даражадагы дипломаттарынын бири катары алдыга чыгууда. 1980 -  жылдан бери өзгөчө Жакынкы Чыгышта түрдүү кызматтарды аткарган Дэвид Саттерфилд   1954 -  жылы төрөлгөн. Учурда да АКШнын мамлекеттик департаментинде Жакынкы Чыгыш карым  - катнаштарынан жооптуу кеңешчи катары кызмат кылган Дэвид Саттерфилд   Түркия, Орусия жана Ирандын ортосундагы Астана процессине АКШнын байкоочусу катары катышты.

Дэвид Саттерфилд   мурунку президент Барак Обама мезгилинде Сина жарым аралында тынчтыкты коргоо менен милдеттүү «Көп улуттуу күч жана байкоочулардын» башкы директору, Жорж Буш мезгилинин мамлекеттик катчысы Кондолизза Райстын болсо Ирактан жооптуу кеңешчиси катары кызмат кылган. Ливан, Сирия, Тунис, Сауд Арабия элчиликтеринде да түрдүү кызматтарды аткарды.

2017 -  жылы кызматын баштаган Трамп башкаруусу ошол эле жылдын ичинде Түркия элчиси Жон Бассты Афганстан элчиси катары дайындап, Басстан кийин Түркияга элчи дайындалган эмес.

Трамп Дэвид Саттерфилддин талапкерлигин 16 -  февралда билдирген.



Тектеш кабарлар