Түркиянын жетекчилигинин Венесуэладагы окуяларга каршылык көрсөтүүсү

Президент Эрдоган: «Төңкөрүштөр менен күрөшкөн, төңкөрүштөр жараткан терс натыйжаларды башынан өткөргөн өлкө катары Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптайбыз»,-деп айтты.

1193172
Түркиянын жетекчилигинин Венесуэладагы окуяларга каршылык көрсөтүүсү
mevlut cavusoglu.jpg
mustafa sentop.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптады.

Социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу Венесуэладагы төңкөрүш аракетине сереп салган Эрдоган, бул өлкөдө элдин эгемен экенин белгилеп, «Венесуэлага постмодерн колониалдык губернатор дайындоо аракетинде»,-деди.

Демократияларда таяныла турган күч үкөк экенинин билиниши керектигин баса белгилеген Эрдоган, бул өлкөнүн кантип башкарыла турганынын шайлоо менен белгилене турганын айтты.

Президент Эрдоган: «Төңкөрүштөр менен күрөшкөн, төңкөрүштөр жараткан терс натыйжаларды башынан өткөргөн өлкө катары Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптайбыз»,-деп айтты.

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп да Твиттерден өз оюн бөлүшүп, «Батыштык болбогон өлкөлөрдү жана саясаттарын тескеш үчүн жарандык кагылышууларга жана аскердик төңкөрүштөргө кайрылуу, суук согуш убагында колдонулган оорукчан ыкма эле. Аскердик төңкөрүштөрдөн абдан көп зыян тарткан Түштүк Америкада бул оорукчан ыкманын жандантылганын Венесуэлада болгон окуялардан улам дагы бир жолу көрдүк. Биздин каалообуз маселенин демократия негиз кылынып чечилиши, аймактын жана Венесуэла калкынын тез арада эркиндикке жана тынчтыкка жетиши болуп саналат»,-деп жазды.

Бир тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу бөлүшүүсүндө, Венесуэлада конституциялык тартипке каршы айрым төңкөрүш аракети болгону жөнүндөгү кабарларды угуп санааркап жаткандарын билдирди.

Чавушоглу бөлүшүүсүндө: "Демократиялык эмес ыкмалар менен мыйзамдуу өкмөттөрдү кулатуу аракеттерине каршыбыз. Өлкөдөгү маселелердин диалог жолу менен чечилишин жактайбыз. Венесуэла калкын ар дайым колдойбуз",деген серебин салды.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик да маалымат жыйын өткөрүп, АКШнын Венесуэлага карай мамилесин сынга алды жана «Эч бир мамлекет, башка бир мамлекетке дайындоо жолу менен президент шайлана албайт»,-деди.

Түркиянын шайланган башкаруучулардан экенин белгилеген Челик: «Ар түрдүү төңкөрүш аракетине каршы турганыбыз сыяктуу Венесуэладагы төңкөрүш аракетине да каршыбыз. Биз демократияны жактайбыз. Биздин саясий тарабыбыз жок. Бул болуп жаткандарга каршылыгыбызды албетте көрсөтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар