Тышкы иштер министри Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Чавушоглу кечээ Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен тышкы иштер министрлигинин расмий турак жайында биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү.

1188421
Тышкы иштер министри Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШда Ак үйдүн мындан мурда Иран нефть санкцияларынан бошотулган 8 өлкөгө кайрадан бошотуу укугунун берилбей тургандыгын билдиргенине байланыштуу Түркиянын эң башынан бери мындай санкциялардын туура эмес экендигин ачык жана так белгилегендигин билдирди.

Чавушоглу кечээ Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен тышкы иштер министрлигинин расмий турак жайында биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү.

Бул санкциялардын Иран калкына берген зыянчылыкты түшүндүрүүгө аракет кылгандыгын белгилеген Чавушоглу мунун аймактын ырааттуулугу жана коопсуздугу жактан да абдан коркунучтуу кадамдар экендигин айтты.

Чавушоглу бул маселенин кимге пайда алып келерине байланыштуу : «АКШ, Иранга Израилдин колдоосу менен душмандык кылат. Бир тараптан жакын иштеген өлкөлөрдүн да нефть сатууларын арттырат»,- деди.

Дүйнөдө мындай бир мамиленин ушул күнгө чейин болбогондугуна көңүлдөрдү бурган Чавушоглу : «Тилекке каршы муну көрө баштадык. Бирок башынан бери айтып келебиз, Түркия мындай кадамдарга каршы»,- деди. Сөзүндө Тажикстандын тышкы иштер министрин тосуп алуудан кубанычтуу экендигин айткан Чавушоглу бул өлкө менен карым- катнаштарды ар тармакта өнүктүрүү үчүн кесиптеши менен аракет кылышкандарын айтты.

Тажикстандын коопсуздук тууралуу жоопкерчиликтерин ар дайым колдошкондорун баса белгилеген Чавушоглу бул тууралуу эки өлкөнүн ички иштер министрликтери, чалгындоолору жана башка мекемелердин арасындагы кызматташууну улантышарын белгиледи. Чавушоглу Түркия менен Тажикстандын ортосундагы соода көлөмүнүн 500 миллион долларга жеткендигин белгилеп, бул сандын бир миллиард долларга чыгарылышын максат кылгандарын айтты.

Тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин да сөзүндө : «Түркия менен узун мөөнөттүү өнөктүштүктү кеңейтүү максаты Тажикстандын жаңы тышкы саясат максаттарынан»,- деди.

Тажикстандын тышкы иштер министри Мухриддин экономикалык, соода жана инвестиция сыяктуу тармактарда карым- катнаштардын өнүгүшүнөн кубанычтуу экендигин айтты.

Түркиянын дүйнөнүн технология, айыл- чарба, өнөр жай жана туризм секторлорунда алдыда экендигин, абдан бай тажрыйба жана алдыңкы технологияга ээ экендигин белгилеген Мухриддин : «Бирдикте, кызматташуунун негизинде максатыбызга жетебиз жана экономикалык кызматташуубузга дагы да салым кошот»,- деди.



Тектеш кабарлар