"Вава - 2" аттуу яхта Мармаристе
96, 8 метр узундугундагы «Вава – 2» аттуу яхта Мугланын Мармарис районуна келди.
Кайман аралдарынын желеги илинген 96, 8 метр узундугундагы «Вава – 2» аттуу яхта Мугланын Мармарис районуна келди.
Мега яхта Мармарис портундагы кичинекей портко жакындады. Бир айга жакын райондо болору белгиленген яхта Мугла булуңдарын кыдырат.
«Вава – 2» аттуу яхтаны туристтер да кызыгуу менен көрүштү. Алты палубалуу, болоттон жасалган корпусу, ичинде жакузиси, спа бассейини жана спорт залы да болгон яхтада 20 экипаж иштейт. 22 конокту тосуп алган мега яхтанын 11 мыкты кабинасы бар.
Яхтада тик учар учуучу аянты жана чоң сүзүүчү бассейини иштейт. Яхтанын 8, 8 миллион долларлык тик учарды ташыгандыгы да билдирилди. Яхтанын баасынын болсо 150 миллион доллар экендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.