Чавушоглу: «Биздин абадан коргонуу системасына шашылыш түрдө муктаждыгыбыз бар»

Чавушоглу, борбор шаар Анкарада Түркия-Польша-Румыниянын тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйналышынан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1186696
Чавушоглу: «Биздин абадан коргонуу системасына шашылыш түрдө муктаждыгыбыз бар»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларынын алынышы тууралуу НАТОнун шек саноолорунун эске алынганын белгилеп, «Ар дайым сезимталбыз»,-деди.

Чавушоглу, борбор шаар Анкарада Түркия-Польша-Румыниянын тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйналышынан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, С-400 абадан коргонуу системаларынын алынышы тууралуу суроого жооп иретинде, F-35 жана С-400 үчүн АКШга адистерден турган биргелешкен жумушчу топ түзүү сунушун кылгандарын эске салып, «Акыркы Вашингтон сапарымда да бир сунуш кылдык. «Келгиле биргеликте комиссия түзөлү. НАТО да иштин ичинде болсун жана адистерден куралсын, алар сөз сүйлөсүн»,-деди.

«С-400 тууралуу, F-35 тин ситемасына кирип анын технологиясын ала ала турганы» жөнүндөгү айтымдарга токтолгон Чавушоглу: «Биз бул айтымдарды чындыкка жатат деп эсептебейбиз. Ошентсе да бул темада адистер акыркы сөздү айтсын. Биз башынан бери С-400 коргонуу системасынын программасы менен кошо, толугу менен биздин көзөмөлүбүздө болушу үчүн иш-аракет кылдык. Бүгүнкү күндө Сирияда С-400 бар. Сириянын үстүнөн АКШнын жана Израилдин F-35тери көп жолу учуп өттү. Бул айтымдар чындык болсо эбак эле ошол системага кирилген дегенди берет. Ошондой эле түрдө Норвегиянын түндүгүндө Орусиянын чек араларында С-400 коргонуу системалары бар жана Норвегиянын F-35тери ал жерден абдан жакындан учуп өтүүдө. Ошондуктан С-400 Түркияда болсо F-35тердин системасына кирет деген айтымдарды туура жана чындык деп тапкан жокпуз»,-деп айтты.

НАТОнун Түркиянын сунушуна абдан жылуу караганын билдирген Чавушоглу, АКШдан азырынча оң жооп ала электерин айтты.

Министр Чавушоглу: «НАТОнун санааркоолорун да эске алышыбыз керек. Түркиянын эске албаганын айтуу да туура эмес. Биз ар дайым сезимталбыз. Шериктештерибиз жана НАТО да муну абдан жакшы түшүнүшү керек; биздин абадан коргонуу системасына шашылыш түрдө муктаждыгыбыз бар»,-деп айтты.

Бүгүнкү Түркия-Польша-Румыния үчтүк жыйналышынын абдан жемиштүү өткөнүн белгилеген Чавушоглу: «Бардык НАТО шериктештери катары арабыздагы колдошууну улантышыбыз керек»,-деди.

Террор менен күрөшүүнүн маанисине токтолгон Чавушоглу, НАТОнун биримдигин коргоосу керектигин, Сирияда жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК менен кызматташтык кылынышынын болсо шериктештик рухуна терс түшкөнүнө көңүл бурду.



Тектеш кабарлар