Түркияны террор тилкеси менен багындырууга аракет кылгандарга жооп кайтарабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Гөлбашыдагы Атайын кыймыл штабынын башчылыгында коопсуздук уюмунун түзүлгөнүнүн 174 жылдыгы жана Атайын кыймыл штабынын башчылыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1180899
Түркияны террор тилкеси менен багындырууга аракет кылгандарга жооп кайтарабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны террор тилкеси менен багындырууга аракет кылгандарга абдан жакынкы убакта алар түшүнө турган тил менен жооп бере тургандарын айтты.

Эрдоган, Гөлбашыдагы Атайын кыймыл штабынын башчылыгында коопсуздук уюмунун түзүлгөнүнүн 174 жылдыгы жана Атайын кыймыл штабынын башчылыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолгон президент Эрдоган: «Улутубузду кагылыштыргысы келгендердин кылбаганы калган жок. Ишти төңкөрүш аракетине (Фетуллахчы террор уюмунун 2016-жылдын 15-июлундагы ишке ашпаган төңкөрүш аракети) чейин алып баргандарына карабастан натыйжа ала алышкан жок. Террор тилкеси менен багындырууга аракет кылгандарга каршы таштаган кадамдарыбыз менен мунун мүмкүн болбой турганын көрсөттүк»,-деди.

Президент  Эрдоган: «Дагы деле ошондой сценарий менен өжөрдөнүп жаткандарга абдан жакынкы убакта алар түшүнө турган тил менен жооп беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар