Түркия Англиянын ФЕТӨ чечимине каршылык көрсөттү

Англия Түркиянын талабын четке какты.

1180331
Түркия Англиянын ФЕТӨ чечимине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Англиядагы террордук уюм ФЕТО (Феттуллахчы террор уюму) мүчөлөрү Хамди Акын Ипек, Али Челик, Талип Бүйүк жана Мустафа Йешилдин тапшырылып берилишинин четке кагылышына каршы кайталанган даттануу талабынын да терс жыйынтыкталышынын нааразычылык жаратканын билдирди.

Хами Аксой аты аталган ФЕТӨ мүчөлөрүнүн Англиядан Түркияга тапшырылып берилишине байланыштуу процесс жөнүндөгү суроого жооп берди.

Хами Аксой: «Террордук уюм ФЕТӨ мүчөлөрү Хамди Акын Ипек, Али Челик, Талип Бүйүк жана Мустафа Йешилдин Англиядан өлкөбүзгө тапшырылып берилишинин четке кагылышына байланыштуу Лондон Вестминстер сотунун өкүмүнө каршы кайталанган даттануу талабыбыз Жогорку сот тарабынан кабыл алынбашы нааразычылыкка себеп болду»,- деди.

Катчы Аксой буларды айтты: «251 күнөөсүз жараныбыз шейит болгон жана миңдегени жараланган 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин артында турган ФЕТӨ мүчөлөрүнүн өлкөбүзгө тапшырылып берилишине карата күтүүбүз жана аракеттерибиз уланат. Аты аталган террордук уюмдун жалгыз гана Түркия үчүн эмес, барган ар бир өлкө үчүн коркунучтуу экени унутулбашы керек, терроризмге каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун өтө маанилүү экени билиниши зарыл»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар