Түркиядан Ливия тууралуу маалымат

Түркия Ливиянын борбор шаары Триполиге карата жүргүзүлгөн аскердик кыймылдын натыйжасында ортого чыккан абалдан тынчсыздангандыгын белгилеп, тараптарды тынчтанууга чакырды.

1178984
Түркиядан Ливия тууралуу маалымат

 

Түркия Ливиянын борбор шаары Триполиге карата жүргүзүлгөн аскердик кыймылдын натыйжасында ортого чыккан абалдан тынчсыздангандыгын белгилеп, тараптарды тынчтанууга чакырды.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Ливияда Триполиге карата аскердик кыймылдын натыйжасында ортого чыккан коркунучтуу абалдан тынчсыздануулар болууда»,- деп билдирилди.

«Мындай аракеттер жарандык калкка зыянын тийгизгенден жана өлкөнү ыраатсыздыкка жетелегенден башка бир жыйынтыкка кызмат кылбайт, өзгөчө БУУнун жеңилдетилиши менен жүргүзүлгөн саясий процесске тоскоол болууда»,- деп билдирилген маалыматта булар билдирилди : «Келишпестиктердин ылдам түрдө азайтылышы жана тынчтыктын түзүлүшү үчүн сезимталдуулук жана акылдуулуктун өкүмдүк кылышы шарт. БУУнун башкы катчысынын жана БУУнун Ливия атайын өкүлүнүн өлкөдө келишпестиктердин азайтылышы тууралуу аракеттерине толук колдоо берген Түркия бардык эл аралык жамааттын да бул жагдайда бирдикте жана чечкиндүүлүк менен аракет кылуусу маанилүү».



Тектеш кабарлар