Түркия АКШга каршылык көрсөттү
Фуат Октай АКШнын вице-президенти Майк Пенске жооп кайтарды.
1176714
Вице-президент Фуат Октай АКШнын Түркиянын шериктеши катары калаарына же эки өлкөнүн ортосундагы достукту тобокелге салаарына чечим чыгарышы керектигин билдирди.
Октай социалдык медиа Твиттердеги баракчасынан, АКШнын вице-президенти Майк Пенстин Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алуусуна байланыштуу сереп салуусуна жооп кайтарды.
Вице-президент Октай: «АКШ эми өз чечимин чыгарышы керек. Түркиянын шериктеши катары калгысы келеби же НАТО шериктештеринин душмандарына каршы коргонуусуна балта чабуу үчүн террористтер менен кызматташып достугубузду тобокелге салгысы келеби?»,-деп айтты.