Чавушоглу кесиптеши Помпео менен жолукту

Жолугушуу орто эсеп менен 40 мүнөткө созулду.

1176749
Чавушоглу кесиптеши Помпео менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түрк-Америка карым-катнаштары каралган сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын Вашингтондогу Мамлекеттик департаментинде өткөрүлгөн сүйлөшүү орто эсеп менен 40 мүнөткө созулду.

Чавушоглу менен Помпеонун ортосундагы сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын жана акыркы кырдаалдын каралгандыгы, ошондой эле өз ара алакалардын мааниси баса белгиленгендиги маалымдалды.

Министр Чавушоглу, НАТОнун 70 жылдыгынан улам бүгүн өткөрүлө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Вашингтонго барган.

Чавушоглунун Вашингтондогу жолугушууларынын алкагында Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен да эртең сүйлөшүү өткөрөөрү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар