Түркиядагы жергиликтүү шайлоо

Шайлоонун расмий эмес жыйынтыктары

1174792
Түркиядагы жергиликтүү шайлоо

Түркиянын жалпысында кечээ өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоодо партиялардын ортосундагы өнөктөштүк алдыңкы планга чыкты.

Түркиянын жалпысында жеңген «Жумхур» өнөктөштүгү болду.

«Адилеттик жана өнүгүү» партиясы менен «Улуттук кыймыл» партиясынан  турган «Жумхур» өнөктөштүгү 51,63 пайыздык добуш менен биринчи болду.

Шайлоодо «Жумурият элдик партиясы» менен «Жакшы» партиядан турган «Миллет» өнөктөштүгү болсо 37,55 пайызда калды.

Добуштардын шаардык мэрияларга жараша жыйынтыгы төмөнкүчө:

Баардык мэриялардын 44,32 пайызын АК Партия, 30,10 пайызын Жумурият элдик партиясы, 7,45 пайызын Жакшы партия, 7,31 пайызын Улуттук кыймыл партиясы, 4,24 пайызын Элдердин демократиялык партиясы алды.

Берки партиялар болсо шаардык мэриялардын 6,58 пайызын жеңди.

Шаардык мэриялардын жалпысына караганда АК Партия 796, Жумурият элдик партиясы 246, Улуттук кыймыл партиясы 227, Элдердин демократиялык партиясы 69 жана Жакшы партия 21 мэрияда шайлоону жеңди.

Расмий эмес көрсөткүчтөргө караганда үч чоң шаардагы жыйынтыктар төмөнкүчө;

АНКАРА

Жумхур өнөктөштүгү (Адилеттик жана өнүгүү партиясы-Улуттук кыймыл партиясы): % 47,10

Миллет өнөктөштүгү (Жумурият элдик партиясы-Жакшы партия): %50,90

СТАМБУЛ

Жумхур өнөктөштүгү (Адилеттик жана өнүгүү партиясы-Улуттук кыймыл партиясы): % 48,51

Миллет өнөктөштүгү (Жумурият элдик партиясы-Жакшы партия): %48,79

ИЗМИР

Жумхур өнөктөштүгү (Адилеттик жана өнүгүү партиясы-Улуттук кыймыл партиясы) % 38,67

Миллет өнөктөштүгү (Жумурият элдик партиясы-Жакшы партия) %58,06



Тектеш кабарлар