Президент Эрдоган суроолорго жооп берди

Эрдоган менчик телеканалга конок болду.

1172144
Президент Эрдоган суроолорго жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террордук уюмдарга каршы жүргүзүлгөн күрөштүн чечкиндүүлүк менен улантылып жатканын айтты.

Президент Эрдоган менчик бир телеканалда суроолорго жооп берди.

Улуттук чалгындоо уюму жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн, Ирактын Кандил аймагындагы жикчил террордук уюм ПКК буталарына карай биргелешкен операциясына баа берген президент, уюмдун жалган башчы тобунан бир канча ысымдын жок кылынганын белгиледи.

Эрдоган террорго каршы күрөшүүдө жаңы мезгилдин өтүп жатканына көңүлдөрдү буруп, жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган курал-жарактардын негизинде террористтерге оор сокку урулганын баса белгиледи.

Бир тараптан Эрдоган АКШнын Голан дөңсөөлөрү жөнүндөгү чечимин да катуу сынга алды: «Мен кылдым болду менен бул иш болбойт»,-деп айтты.

Эрдоган бул аймакка байланыштуу БУУнун 1967-жылдагы токтому бар экенин эске салды.

Бул мамилеси менен АКШнын аймакта тынчтыкка салым кошууну эмес, чыңалууну күчөтүүнү жана ырааттуулук изденүүлөрүнө сокку урууну тандаганын баса белгилеген Эрдоган, бул тандоонун каралып чыгышы керектигин айтты.

Ошондой эле президент Эрдоган Айя-София музейинин мечит болуп же болбой тургандыгы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып: «Бул эми биздин улутубуздун, Ислам дүйнөсүнүн күтүүсү, улутубуз көптөгөн жылдардан бери Айя-Софияны мечит катары көрүүгө куштар»,-деди.



Тектеш кабарлар