ПКК террористи Рыза Алтун коопсуздук күчтөрүбүздүн ийгиликтүү операциясы менен атылды

Фахреттин Алтун: «ПКК террористи Рыза Алтун жана аны коштогондор, коопсуздук күчтөрүбүздүн ийгиликтүү абадан жүргүзүлгөн операциясы менен атылды. Мамлекетибиз террор менен күрөшүүдө дастан жазып жатат»,деген серебин салды.

1171967
ПКК террористи Рыза Алтун коопсуздук күчтөрүбүздүн ийгиликтүү операциясы менен атылды

 

Президенттик аппараттын байланыш башчысы Фахреттин Алтун: «ПКК террористи Рыза Алтун жана аны коштогондор, коопсуздук күчтөрүбүздүн ийгиликтүү абадан жүргүзүлгөн операциясы менен атылды. Мамлекетибиз террор менен күрөшүүдө дастан жазып жатат»,деген серебин салды.

Алтун, Твиттер барагынан Улуттук чалгындоо уюму жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен операциясында, жикчил террор уюму ПККнын корбашчысы Жемил Байыктын эң жакын адамдарынан Рыза Алтун жана анын жанындагылардын Кандилге абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынганы жөнүндө маалымат бөлүштү.

Анда операция тууралуу кабарга да орун берген Алтун буларды жазды: «ПККга оор сокку урдук. Сауд Арабиянын Оказ гезитинин 2017-жылы «ПККнын тышкы иштер министри» деп тааныткан ПККга мүчө террорист Рыза Алтун жана анын жанындагылар, коопсуздук күчтөрүбүздүн ийгиликтүү абадан жүргүзүлгөн операциясы менен атылды. Мамлекетибиз террор менен күрөшүүдө дастан жазып жатат».



Тектеш кабарлар