ЙТБ Берлинде иш чара өткөрдү

Германиянын борбор шаары Берлинде «Түрк тилдүү диаспора коомдорунун өкүлдөрүнө карата биргелешкен билим берүү программасы» өткөрүлдү.

1171933
ЙТБ Берлинде иш чара өткөрдү

 Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы ЙТБнин жетекчилигинде Германиянын борбор шаары Берлинде «Түрк тилдүү диаспора коомдорунун өкүлдөрүнө карата биргелешкен билим берүү программасы» өткөрүлдү.

Иш чарада сөз сүйлөгөн ЙТБнин төрагасы Абдуллах Эрен : «Өлкө тышында жашаган жарандарыбыздын маселелерин чечt турган, кыйынчылыктарына жардам берүү, кусалыктарынf чара табуу, турмуштук сапатын жогорулата турган бардык чечүүчү жолдорду  табуу милдетибиз»,- деди.

ЙТБнин жетекчилигинде жана Түрк Кеңешинин башкы секретарлыгынын координациясында өткөрүлгөн «Түрк тилдүү диаспора жарандык коом мекемелеринин өкүлдөрүнө карата орток билим берүү программасы» менен биринчи жолу бир тууган диаспоралар: Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Казакстан жолугушту.

Берлиндеги программанын негизинде биргелешкен долбоорлорго карата кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Орток маселелерибизге орток чечүүчү жолдорду табышыбыз керек

Европадагы түрк диаспорасынын тажрыйбаларын, кеңештин ичиндеги башка өлкө диаспоралары менен бөлүшүүнүн орундуу болорун баса белгилеген төрага Эрен : «Орток маселелерибизди чечүү үчүн орток чечүүчү şолдорду табуубуз керек. Өзгөчө расистик, исламофобия, маданий жана руханий баалуулуктар тууралуу маселелерде Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн бирдикте кыймыл кылышы абдан маанилүү»,- деди.

Жыйынга Түрк Кеңешинин башкы секретары Багдад Амеев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын Берлиндеги элчилери менен жарандык коом уюмунун өкүлдөрү катышты.



Тектеш кабарлар