ТИКА Мексикадагы сириялык студенттерге колдоо көрсөттү

ТИКА, сириялык студенттер калган борбордун керектүү муктаждыктарын камсыздап берди.

1170869
ТИКА Мексикадагы сириялык студенттерге колдоо көрсөттү

 

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Мексиканын Агуаскальентес шаарындагы сириялык студенттер билим алган борборго оңдоп-түзөө жана жабдыктар жагынан жардам көрсөттү.

ТИКАнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Түркия жардам колун, өз өлкөлөрүнөн 12 миң километр алыста Мексикада жашаган сириялыктарга да узатты.

Билдирүүдө Сирия туурасында көңүлдөрдү буруу максатында 2014-жылы Агуаскальентесте түзүлгөн мексикалык жарандык коомдук мекемеси «Habesha» долбоору, жогорку билим алуулары жарым жартылай калган сириялык студенттердин Мексикадагы престиждүү университеттерде билим алуусун бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаганы белгиленди.

Мекеменин талабы боюнча ишке киришкен ТИКА, сириялык 20 студент калган борбордун керектүү болгон баардык буюмдарын камсыздап берди.

Айрыкча ТИКА, борбордун электр жарыгы жана суу түтүктөрү менен катар кеңири оңдоп-түзөө ишин ишке ашырды.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн долбоордун жетекчиси Адриан Мелендес, эл аралык кризисттерде Түркиянын көрсөткөн адамдык мамилеси жана ушул алкактагы иштерин түшүндүрдү.

Мелендес, президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк элине сириялыктарга көрсөткөн жоомарттыгынан улам ырахмат айтты.



Тектеш кабарлар