Түркия Сомалидеги террордук кол салууну катуу айыптады
Түркия, Сомалинин борбор шаары Могадишодогу эки министрлик орун алган имаратка болгон террордук кол салууну айыптады.
Түркия, Сомалинин борбор шаары Могадишодогу эки министрлик орун алган имаратка болгон террордук кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында: «Могадишодо Эмгек жана социалдык тейлөөлөр министрлиги менен Коомдук иштер министрлигине багытталган, көп сандаган киши каза тапкан жана жаракат алган террордук кол салууларды катуу айыптайбыз. Кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,делди.
Сомалилик жооптуу кызматкерлер террор уюму Эш-Шебабтын мүчөлөрүнүн Эмгек жана социалдык тейлөөлөр министрлиги менен Коомдук иштер министрлиги орун алган имаратка карай жан кечтилик кол салуусунда арасында эмгек жана социалдык тейлөөлөр министринин орун басары Ибрахим Абдалла да орун алган 5 кишинин каза болгонун, 11 кишинин жаракат алганын жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Кубада
Нуман Куртулмуштун Кубадагы расмий жолугушуулары Хосе Марти эстелигин зыярат кылуу менен башталат.