Гладиаторлор шаарынын мазары зыяратка ачылууда

Мугланын Ятаган районундагы Стратоникея байыркы шаарындагы казуу иштеринде чыгарылган мазарлар, шаардын кире беришиндеги аянтта көргөзмөгө чыгарылат.

1168839
Гладиаторлор шаарынын мазары зыяратка ачылууда

Мугланын Ятаган районундагы Стратоникея байыркы шаарындагы казуу иштеринде чыгарылган мазарлар, шаардын кире беришиндеги аянтта көргөзмөгө чыгарылат.

«Гладиаторлор шаары» деп да билинген бир топ цивилизацияга үй ээлик кылган, дүйнөнүн эң чоң мармар шаарларынын арасында көрсөтүлгөн Стратоникея байыркы шаарындагы казуу иштери башталды.

Казууну жүргүзгөн топтун жетекчиси жана Памуккале университетинин археология бөлүмүнү мугалими профессор Билал Сөгүт берген маалыматында 3 миң 500 жыл мурункуга таандык отурукташуу тууралуу табылгаларды тапкан байыркы шаарда тарыхтын бир топ мезгилине таандык калдыктардын табылгандыгын айтты.

Профессор Сөгүт байыркы шаардын Еллендик, Рим, Византия, Анадолу бейдиктери, осмондук жана республика мезгилдеринде да жашаган, дүйнөнүн эң  чоң мармар шаары экендигине көңүл бурулуп, Стратоникеянын ЮНЕСКОнун маданий мурас убактылуу тизмесинде орун алгандыгын баса белгиледи. Сөгүт жүргүзүлгөн казуу иштеринде Рим мезгилине таандык бир мазардын дубалы менен саркофагды ортого чыгаруу менен коргоого алышкандарын айтты.

Шаардын кире беришинде Мугла музейи менен бирдикте түрдүү иштерди жүргүзүшкөндөрүн айткан Сөгүт : «Лагина жана Стратоникеяда бышкан чопонун ичинде 4 миң 500 жылга чейин барган мазар үлгүлөрү бар»,- деди.

Шаардагы казуу иштеринде ортого чыккан гладиатор мазарларын шаардын кире беришине жайгаштырышкандарын айткан Сөгүт мазарларда гладиаторлордун сүрөттөрү менен түркчө жана англис тилинде таанытуулардын болорун айтты.

 



Тектеш кабарлар