Президент Эрдогандын Трамптын билдирүүсүнө каршылык көрсөттү
Эрдоган сөзүндө Трамптын «Голан дөңсөөлөрүндөгү Израиль эгемендигин таануунун учуру келди»,- деген маалыматына каршылык көрсөттү.
Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрү тууралуу билдирүүсүнүн аймакты жаңы бир кризистин босогосуна алып келгендигин айтты.
Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин деңгээилнде ачык катышуучу болгон чукул аткаруу комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Эрдоган сөзүндө Трамптын «Голан дөңсөөлөрүндөгү Израиль эгемендигин таануунун учуру келди»,- деген маалыматына каршылык көрсөттү.
«АКШнын президентинин Голан дөңсөөлөрү тууралуу бактысыз билдирүсү аймакты жаңы бир кризистин, жаңы бир араздашуунун босогосуна алып келди»,- деген Эрдоган Голан дөңсөөлөрүнүн басылып алынышынын мыйзамдаштырылышына эч качан уруксат берилбей тургандыгын айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.