Чавушоглу Брюсселде сөз сүйлөдү

Сириянын келечеги Бельгияда 3-Брюссель конференциясында каралды.

1163723
Чавушоглу Брюсселде сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, сириялык баш калкалоочулар темасында жүктүн бөлүшүлүшү керектигин айтты.

Сириянын келечеги Бельгияда 3-Брюссель конференциясында каралды.

Көп сандаган өлкө жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышкан жыйналышта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Сирия жана аймактын келечегин колдоо» аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

Сөзүндө бир гана Түркияда 3 миллион 6 жүз миң сириялыктын жашап жатканын эске салган Чавушоглу, качкындар маселесинин чечилиши үчүн өлкөлөргө жүк жана жоопкерчиликти бөлүшүү чакырыгын салды.

Чавушоглу, АКШнын чыгып кетүү процессинде Сириянын саясий жана жеринин бүтүндүгүнүн корголушунун маанисин баса белгиледи.

АКШнын Сириядан чыгуу жана аскерлеринин санын азайтуу чечиминин жаңы сыноо болгонуна көңүл бурган Чавушоглу: «Саясий боштуктун түзүлүүсүн, ДЕАШ/ПЙД/ЙПГ/ПКК сыяктуу жикчил террор уюмунун жана режимдин абалды бузуусуна бөгөт болушубуз керек»,-деп айтты.

Чек арадан Түркияга карай террордук кол салууларга эч качан мүмкүнчүлүк бербей тургандарына басым жасаган Чавушоглу: «АКШ жана башка актерлор менен Сирияда кызматташуубуз уланат»,-деди.

Женева жолугушууларын толуктоочу катары Астана процессинин, күч колдонууну азайтуу жана саясий процессти илгерилетүү жагынан так салымдарды камсыздаганына басым жасаган Чавушоглу: «Биргелешип иштөөбүздүн натыйжасында Конституциялык комитеттин түзүлүүсүнүн акыркы баскычка келүүсү камсыздалды»,-деп айтты.

Орусия менен 2018-жылы 17-сентябрда Сочиде жетишилген Идлиб меморандуму темасында да чечкиндүүлүк билдирүүсүн айткан Чавушоглу: «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагы, дагы бир адамзат трагедиясынын болуусуна бөгөт болуу жана Түркия менен Европага жаңы көч толкунунун алдын алуу темасында ийгиликтүү болду»,-деп, Түркиянын бардык чагымчылыктарга карабастан Идлиб меморандумуна баш ийип, аймактагы тынчтыкты коргоого чечкиндүү экенин айтты.



Тектеш кабарлар