Бул абройсуз чечим ЕПнин эми радикал улутчулдардын көзөмөлүнө өткөнүнүн жарыяланышы

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн токтотулушун сунуштаган отчеттун ЕПде кабыл алынышын катуу сөздөр менен сынга алды.

1162948
Бул абройсуз чечим ЕПнин эми радикал улутчулдардын көзөмөлүнө өткөнүнүн жарыяланышы

Европа Парламентинин (ЕП) чатактуу чечимине Түркиядан алгачкы каршылык көрсөтүү...

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн токтотулушун сунуштаган отчеттун ЕПде кабыл алынышын катуу сынга алды.

Өмер Челик: «Европа Парламенти Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн токтотулушун сунуштаган Түркия отчетун кабыл алыптыр. Биз тараптан каралганда баасы жок, күчү жок жана аброю жок чечим болуп эсептелет бул»,-деди.

Челик, социалдык медиа барагынан бөлүшкөн жарыясында, «Бул абройсуз чечим, ЕПнин эми радикал улутчулдардын көзөмөлүнө өткөнүнүн жарыяланышы болуп эсептелет. ЕП демократиялык өнүгүүгө ачык жана колдоочу чечимдерди чыгаруудан алыстап кетти. Радикал улутчулдардын тар терезесинен карап жатат дүйнөнү»,-деп айтты.

«Түркия отчетун даярдаган кишинин (баяндамачы Кати Пири) демократияга караганда террорду колдогондорго жакындыгы ар ким тарабынан билинүүдө»,деген Челик: «Залдарында (жикчил террордук уюм) ПККнын көргөзмөлөрүн ачкан ЕП, кайсы бети менен демократиябызга собол салууга батынып жатат»,-деди.

 



Тектеш кабарлар