Эрдоган - Моди сүйлөшүүсү

Түркия Пакистан менен Индиянын ортосундагы карама  - каршылыкты жөнгө салуу үчүн аракетке өттү.

1161840
Эрдоган  - Моди сүйлөшүүсү

Түркия Пакистан менен Индиянын ортосундагы карама  - каршылыкты жөнгө салуу үчүн аракетке өттү.

Президент Р. Т. Эрдоган Индиянын премьер  - министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин байланыш башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге Индия  - Пакистан чек арасында болгон абалдар да каралды.

Президент Эрдоган 28 -  февралда Пакистандын премьер  - министри Имран Хан жана 8 -  мартта да БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен Индия  - Пакистандын ортосунда болгон карама  - каршылыктар боюнча телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн.

Индия менен Пакистандын ортосундагы акыркы карама  - каршылык Кашмирдин Индиянын башкаруусу астындагы  бөлүгүндө 14 -  февралда полиция уюмуна караштуу куралдуу күчтөрүнө жасалган жана 11 киши каза болгон бомбалуу кол салуу менен башталды.

Жаңы Дели башкаруусу кол салуу тууралуу Пакистанды айыптады. Кол салууну айыптаган Пакистан болсо айптоону четке какты.

Индия 26 -  февралда Кашмир текшерүү жолунун Пакистан тарабынан табылган террордук уюмдун буталарына абадан кол салгандыгын жарыялады.

Пакистан да аба аянтын бузду деген негиз менен Индияга таандык аскерик учагын атып түшүрдү. Андан кийин жакшы ниетинин көрсөткүчү катары камоого алган индиялык учкучту эркин койо берди.



Тектеш кабарлар