Түркия Афганстанда болгон кол салууну айыптады

Түркия Афганстандын борбор шаары Кабулда жасалган террордук кол салууну айыптады.

1159536
Түркия Афганстанда болгон кол салууну айыптады

 Түркия Афганстандын борбор шаары Кабулда жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта борбор шаар Кабулда жогорку мартабалуу жетекчилер да катышкан бир эскерүү аземине жасалган террордук кол салуунун айыпталгандыгы билдирилди.

Маалыматта : «Кол салууда каза болгондор үчүн дос Афгантан өкмөтүнө жана афган калкына көңүл айтып жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Афганстанда хазалардын мурунку лидери Абдул Али Мезаринин өлүм жылынан улам стадиондо мамлекеттик кызматкерлер катышкан аземге карата жасалган кол салууда 3 киши каза болду. Кол салууда жаралангандардын арасында июнь айында боло турган президенттик шайлоонун талапкери болгон Абдул Латиф Педрамдын да бар экендиги билдирилди.

Бир тараптан кол салууда аземде Афганстан Аткаруу Кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах, мурунку президен Хамид Карзай, президентикке талапкер Ханиф Атмар жана тышкы иштер министри Селахуддин Раббининин бар экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар