Вице - президент Фуат Октай Анадолу агенттигинин редактордун столунда суроолорго жооп берди
Вице - президент Түркияга карата коопсуздук коркунучун туудура турган эч бир аракетке уруксат берилбей тургандыгын белгиледи.
Вице - президент Фуат Октай Түркиянын Орусиядан С - 400 абадан коргоо систамсын сатып алуу тууралуу : «Түркия С - 400дөр тууралуу өз кызыкчылыгы эмне керек болсо аткарууда, өз чечимин чыгарып, өзү каалаганды аткарууда»,- деди.
Фуат Октай Анадолу агенттигинин редактордун столунда суроолорго жооп берди жана күн тартиби тууралуу маалыматтарды берди.
Түркиянын чечим чыгарып жатып бир гана өз кызыкчылыгын ойлогондугун айткан вице - президент Октай : «Бир темада, эгерде кол койгон болсок, эмне керек болсо аткарабыз. Түркиянын көшөрүү сыяктуу мамилеси жок»,- деди.
Евфрат дарыясынын чыгышына карата ыктымалдуу бир операцияга байланыштуу Фуат Октай : «Бүгүн кире ала тургандай түрдө биз ар дайым даярбыз»,- деди.
Вице - президент Түркияга карата коопсуздук коркунучун туудура турган эч бир аракетке уруксат берилбей тургандыгын белгилеп : «Мындай нерсе боло турган болсо бир түнү күтүлбөгөн жерден киребиз деп жатабыз муну аткарабыз»,- деди.