Түрк аскердик кемелери Болгарияда

«Көгүлтүр мекен  - 2019»  тактикалык машыгуусу 8 -  мартта аяктайт.

1159071
Түрк аскердик кемелери Болгарияда

ТЖГ Кемал Реис фрегаты жана ТЖГ 1 -  Инөнү суу түбүндөгү кемеси, Кара деңиз, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде аткарылган «Көгүлтүр мекен – 2019» машыгуусунун негизинде Болгариянын Варна портуна барды.

Түркиянын София элчилигинен берилген маалыматта «Көгүлтүр мекен  - 2019» тактика машыгуусунун 27 -  февраль, 8-  март күндөрү деңиз күчтөрү командирлиги тарабынан Кара деңиз, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде аткарылгандыгы белгиленди.

«Машыгууга катышкан топтор тарабынан 3 деңизде 33 өлкө ичи жана 7 өлкө тышы порт болгон жалпы 40 портко барылат»,- деп билдирилген маалыматта ушунун негизинде ТЖГ Кемал Реис фрегаты жана ТЖГ 1 -  Инөнү суу түбүндөгү  кеменин Варна портуна баргандыгы билдирилди.

Маалыматта порттогу жолугушуудан кийин  ТЖГ Кемал Реис фрегаты тарабынан Болгария деңиз күчтөрү менен өткөөл машыгуусунун аткарылары билдирилди.

Болгария улуттук телекөрсөтүүсүнөн берилген маалыматта да түрк кемелеринин Кара деңиздин Болгария сууларында болгар деңиз күчтөрүнө таандык Бодри фрегаты менен аткара турган машыгуулар менен НАТОнун негизинде союздаш эки өлкөнүн күчтөрүнүн ортосундагы шайкештиктин арттырылары баса белгиленди.

«Көгүлтүр мекен  - 2019»  тактикалык машыгуусу 8 -  мартта аяктайт.



Тектеш кабарлар